Буга байланыштуу салтанат бүгүн вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин катышуусунда Ички иштер министрлигинде өтөт. ИИМден маалымдашкандай, анда өз ишине берилген мыкты милиционерлер сыйланат.
Ушундай эле салтанаттуу иш-чаралар милициянын аймактык бөлүмдөрдө да болот. Алдыңкы кызматкерлерге сыйлыктар жана наамдар тапшырылат.
Кыргыз милициясы Кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн.(ZKo)