Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Бекматов: Инаугурациянын болжолдуу датасы 24-ноябрь


Кыргызстанда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынын болжолдуу датасы катары 24-ноябрь каралууда. Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Бирок, анын айтымында, инаугурация күнү качан болору так аныктала элек.

Буга чейин Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекова жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 1-декабрдан кечикпей өтүүгө тийиш деп билдирген. Так күнү парламент менен кеңешкенден кийин такталары белгилүү болгон.

15-октябрдагы президенттик шайлоодо КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков алдыга чыккан. БШК 30-октябрда шайлоону өттү деп жарыялап, Жээнбеков добуштардын 54,22 пайызын алганын билдирди.

Инаугурация бул жолу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтө турганы кабарланууда. Президенттик анттан соң Сооронбай Жээнбековго БШК жетекчилиги президенттин күбөлүгүн, төш белгисин жана штандартын тапшырат.​

Учурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылы 1-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ант берип, расмий кызматына киришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG