Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Кыргыз кызын көчөдө токмоктогон түрк полиция кызматкерлеринин иши сотко өттү


Окуя тартылган видеодон сүрөт
Окуя тартылган видеодон сүрөт

Түркияда кыргызстандык кызды сабаган полиция кызматкерлеринин соту 9-ноябрда Анталия шаарында өтөт. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя тууралуу белгилүү болор замат Түркиядагы элчилик тиешелүү органдарга так маалымат берүүнү суранып кайрылган. Кылмышка шектүү полиция кызматкерлери дароо иштен алынган жана учурда аларга карата тергөө иштери жүрүп жатат.

9-ноябрдагы соттук териштирүүгө Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдуктун өкүлү катышканы жатат.

Элчилик жабыркаган тарап менен, ур-токмокко кабылган кыз дарыланып жаткан оорукана менен дайыма байланышта болууда.

Бүгүн парламентте сүйлөп жатып “Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат Экмат Байпакпаев Түркияда полициянын ур-токмогуна кабылган кыргызстандыктын окуясынан кийин бул өлкөдөгү элчини чакыртып алыш керек болчу деп билдирген.

4-октябрда Түркиянын социалдык түйүндөрүндө Анталиянын Алания аймагында эки полиция кызматкери жерде жаткан аялды сабап жаткан тасма тарап, катуу талкуу жараткан. Түрк полициясы окуянын чоо-жайын териштирип, иш сотко өтүп, жабык каралган. 40 жаштагы аял кыргызстандык экени, психикалык жактан жабыркап жүргөнү айтылган.

Түркияда, расмий маалыматтар боюнча, 19 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенишет. Анталия аймагында эле бейрасмий 6000ден ашык кыргызстандык жашайт. (RK)

XS
SM
MD
LG