Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Нью-Йорктогу чабуулга байланыштуу АКШ элине көңүл айтты. Ал ошондой эле иликтөөгө жардам бере алышарын билдирген.
"Өзбекстан бул террордук актты иликтөөгө көмөктөшүү үчүн өз тарабынан бардык күч-каражаттарын жумшоого даяр", деп жазылат өзбек Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы Мирзиёевдин билдирүүсүндө.
31-октябрда Нью-Йорктун Манхэттен аймагында кылмышкер жүк ташуучу унаа менен элди тебелетип, сегиз киши каза тапкан. Ондон ашууну жараат алышкан. Кылмышка шектелип кармалган адам 29 жаштагы Сайфулло Саипов аттуу өзбекстандык жаран экенин жергиликтүү маалымат каражаттары билдирүүдө.
АКШ бийликтери да калабаны террордук акт деп баалашууда. Президент Дональд Трамп буга байланыштуу иммигранттарды тыкыр текшерүүнү күчөтүүнү тапшырды.