Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:15

"Ата Мекен": Текебаевден кийин депутаттыкка тизмеде Гаипкулов турат


Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясына камактагы Өмүрбек Текебаевдин ордуна депутат болуп Искендер Гаипкулов келиши керек. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, партиянын тизмесинде Эсеп палатасынын мурдагы төрагасы Гаипкулов турат:

- Мыйзам боюнча тизмеде ким турса ошол депутат болуп келет. Аны эч ким жокко чыгара албайт.

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекен" партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу токтом кабыл алды. Боршайкомдун төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова бул чечимди мыйзамсыз деп эсептеп жатат.

Абдрахматова ошондой эле БШК Текебаевден кийинки адамга мандат берүү маселесин азырынча карабоо чечимин кабыл алганын айткан.

"Мыйзам боюнча депутат мандатынан ажыратылса, анда кезектеги кийинки адамга мандат беришибиз керек болчу. А БШК төрайымы “жок, кийинки мандатты 20-ноябрга чейин бербей турабыз, себеби эгер Жогорку Сот башкача чечим чыгарса биз туура эмес болуп калбайлы” деп жатат. Эгерде ошондон коркуп жатышса 20-ноябрга чейин Текебаевди мандаттан да ажыратпаш керек болчу да" деп билдирген ал, себеби Текебаевдин иши Жогорку Сотто 20-ноябрда каралат.

Буга чейин саясатчыны депутаттык мандатынан ажыратуу чечими сот өкүмү күчүнө киргенден кийин бир ай аралыгында чыгарылууга тийиш деп БШК төрайымынын дагы бир орун басары Абдыжапар Бекматов билдирген.​

Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкү мамлекетке чегерилсин деген чечим чыгарган.

Кийин Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап келишет.

Октябрдын ортосунда Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги азырынча өз комментарийин бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG