Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Кыргызстандык ишкерлер ЕАЭБдин сотуна кайрылышат


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

ЕАЭБдин соту аркылуу ишкерлердин чыгымын төлөтүү демилгесин Улуттук ишкер клубу сунуштоодо. Аталган клубдун кезексиз жыйынында кабыл алынган резолюцияда кыргыз өкмөтүнө кыргызстандык ишкерлердин чек арадан тарткан чыгашасын эсептөө, мониторинг кылуу жана аны төлөп берүү механизмдерин иштеп чыгуу боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү сунушу айтылган.

Улуттук ишкер клубдун белгилешинче, эгер жумушчу топ түзүлсө, ал 20-ноябрга чейин чек арадагы кырдаалдан улам тарткан зыяндын өлчөмүн баалоочу механизмди иштеп чыгат. Ошондой эле ал белгилүү бир мөөнөткө салык, соцфонд жана башка каржылык төлөмдөрдөн бошотуу боюнча укуктук актылардын долбоорун даярдайт жана Евразиялык экономикалык биримдиктин сотуна кайрылууну даярдоо милдетин алат.

10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстан менен чек арасын жаап, текшерүүнү күчөткөн. Муну алгач Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштырган расмий Астана шайлоодон кийин Кыргызстанды аткезчиликке айыптап, жүк ташыган унааларды текшерүүнү татаалдаштырган. Натыйжада ондогон жүк ташуучу автоунаалардагы жашылча-жемиштер артка кайтарылган. Аз күн мурда Кыргызстандан барган сүт азыктары "ЕАЭБ талаптарына жооп бербейт" деген негиз менен жок кылынган.

Жыйырма күндөн бери кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол", "Ак тилек", "Чоң-Капка" бекеттеринен өтүү өзгөчө жүк ташыган автоунаалар үчүн оор болууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG