Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Түркия: кыргызстандык студентти карактоого шектүү кармалды


Түрк полиция кызматкери.
Түрк полиция кызматкери.

Стамбул шаардык полициясы кыргызстандык студентти сабап, талап-тоноого шектелген түрк жаранын 1-ноябрда Адана шаарында кармады. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыкты.

Окуя быйыл 20-августта Стамбул шаарынын Левент аймагында болгон. Кечке маал аялдамада турган студентти белгисиз адам уруп-сабап, колундагы сумкасын алып, качып кеткен. Окуяны карактоого кабылган 24 жаштагы кыргызстандык студент кыз өзү да “Азаттыкка” ырастады.

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу жабыр тарткан кызга тергөөдө укуктук колдоо көрсөтүүдө.

Түркияда жалпысынан 183 университет бар. Алардын 118и мамлекеттик, ал эми 65и жеке менчик жогорку окуу жайлар. Бул университеттерде 203 өлкөдөн 115 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын 2 миңге жакыны кыргызстандык студенттер. (ElB)

XS
SM
MD
LG