Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Мамлекеттик сыр боюнча мыйзам долбоору парламентте колдоо табууда


Жогорку Кеӊеште мамлекеттик сырды сактоо тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Депутаттар тобу иштеп чыккан бул долбоор сырдын сакталышы жаатында натыйжалуу тутум түзүү максатын көздөрү айтылды.

Демилгечилердин бири, депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымында, тышкы жана ички саясат, социалдык блок, аскердик жана техникалык дарамет, экономика жаатындагы мамлекеттик сырларга байланыштуу кызыкчылыктарды коргоо долбоордун негизги максатын түзөт.

Бул долбоор мыйзамдарды ШКУга, КМШга жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатын көздөй турганы белгиленди. Ага карата эки түрдүү экспертизанын терс корутундусу чыкканына карабастан мыйзам долбоору парламентте экинчи окууда жактырылган.

XS
SM
MD
LG