Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:41

Кадыров Лениндин сөөгүн көмүүнү сунуштады


Рамзан Кадыров интернеттин активдүү колдонуучусу
Рамзан Кадыров интернеттин активдүү колдонуучусу

Орусияда Советтер Союзунун негиздөөчүсү Владимир Лениндин Москвадагы мавзолейдеги сөөгүн жерге берүү демилгеси кайра көтөрүлдү.

Бул жолу талкууну президент Путинге жан тарткан, Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыров баштады. Ал эгер Путин туура көрсө Лениндин сөөгүн көмүү керектигин Телеграмм социалдык түйүнүнө 2-ноябрда жазды.

"Орусиянын жүрөгүндө, Кызыл аянтта өлүк салынган табыттын болгону туура эмес. Ленинди көмүү - бул акылмандык жана адамгерчиликке жатат", - дейт чечен лидери.

Ал ошондой эле 19-кылымда чечендер менен дагестандыктардын орус империясына каршы күрөшүн жетектеген Хажи-Мураттын да башын жерге берүү керектигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG