Президент Дональд Трамп сунуштаган талапкерди Сенат жактырышы керек. Financial Times басылмасынын билдиришинче, Пауэллдин дайындалышын каржы министри Стивен Мнучин колдойт, ошондуктан, анын бекитилүүсү боюнча маселе чыгуусу мүмкүн эмес.
Пауэлл өзүнүн жаңы кызматында биринчи кезекте өлкөдөгү инфляциянын деңгээлин турукташтырууну жана АКШдагы жумушсуздукту азайтууну көздөп жатканын журналисттерге билдирди.
Пауеэлл федералдык резервдин азыркы жетекчиси Жанет Йеллендин ордуна келет. Анын жетекчилик укугу 2018-жылы февралда аяктайт.