Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Кадырбеков: Кумтөрдөгү туура эмес иштер мөңгүнүн жок болушун шарттады


Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков "Суу кодексине" киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарына, өкмөт өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоду. Анда парламент менен өкмөт Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн тыптыйпыл жок кылууну мыйзамдаштырууга умтулуп, ушул себептүү тиешелүү мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алууну максат кылып жатканы жазылган:

"Центерранын" акционерлерин байытуу, Кумтөрдү азыркы абалга алып келгендерди коргоо үчүн болочок муунга Орто Азия деген чөлдү калтыргыңар келип атабы? Жакында эле президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясында Борбор Азия гана эмес, бүткүл дүйнөдө таза суунун булагы болгон мөңгүлөрдүн эриши олуттуу бушаймандык жаратып жатканын жарыялаган. Президент 2025-жылы Кыргызстанда мөңгүлдөрдүн аянты орто эсеп менен 30-40 пайыз азайып, Борбор Азия дарыяларында суу дагы 25-35 пайыз аз болорун 2100-жылга мөңгүлөр жер үстүнөн жок болушу мүмкүндүгүн, ошондуктан өлкө аларды сактоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну колдорун айткан. Бирок мөңгүлөрдүн эриши гана эмес, Кумтөрдө кен казууда жүргүзүлгөн туура эмес иштер мөңгүлөрдүн жок болушун кептеди" деген Кадырбеков кен казууда Кыргызстандын мыйзамдары одоно бузулганын да белгилеген.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 31-октябрда "Суу кодексине" киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алган.

Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан аларда кен казууга уруксат берүүнү сунуштоодо.

Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

Экологдор Кумтөрдөгү ар кыл жардыруулар, муздарды бир орундан экинчи жайга көчүрүү мөңгүлөрдүн эришин тездеткенин билдирип келишет. Чет элдик компания мөңгүнүн эришин жаратылыштагы өзгөрүүлөр менен байланыштырган. (NT)​

XS
SM
MD
LG