Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:15

Сагинтаев: Чек арада бир айда 246 мыйзам бузуу катталды


Бакытжат Сагинтаев
Бакытжат Сагинтаев

Ушул жылдын октябрь айында эле кыргыз-казак чек арасында товарга туура эмес документ толтурулган 246 учур катталды. Бул тууралуу казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев Ташкенттеги КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынында билдирди. Сагинтаевдин белгилешинче, мунун натыйжасында жалпы бюджет салык жагында жоготууга учурады. Маселен, ветеринария тармагында ЕАЭБдин талабына ылайык келбеген 133 мыйзам бузуу болду деп билдирди казак өкмөтүнүн башчысы:

- Акыркы бир айда эле чек арада 66 фитосанитардык талап бузулган факт болду. 10-октябрдан бери транспорттук көзөмөл жаатында 409 учур катталды. Анын ичинде 186сы тез бузулуучу айыл чарба продуктун тийиштүү нормага ылайык ташыган эмес жана 80дей ашыкча салмак менен бараткан фактылар болду. Биз өзүбүздүн милдеттемелерден алыс чыккан жокпус жана жаңы нерселерди ойлоп тапкан жокпуз.

Бакытжан Сагинтаев кыргыз тарап чек араны жаап салды деп айып коюудан мурун өткөрмө пункттарда тийиштүү нормаларды сактоого чакырды. Ошол эле учурда казак тарап ЕАЭБ нормаларын жайылтууда Кыргызстанга жардамдашууга даяр экенин маалымдады.

Сагинтаевдин сөзүнө чейин ушул эле жыйында кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков Казакстан Кыргызстан менен чек арасында жасалма тосмолорду орнотуп, атайылап оор жүк ташуучу автоунааларды өткөрбөй, мындан бизнес чөйрөсү олуттуу жоготууларга туш болуп жатканын айткан. (SDz)

XS
SM
MD
LG