Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:24

Сирия армиясы дагы бир шаарды террорчулардан бошотту


Сириянын чыгышында жайгашкан Дейр-эз-Зор шаарынын картасы.

Сирия армиясы жана Дамасктын союздаштарынын күчтөрү өлкөнүн чыгышындагы Дейр-эз-Зорду "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлеринен тазалашты. Бул тууралуу Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча обсерватория 2-ноябрда маалымдады.

Уюмдун маалыматы боюнча, шаардын айрым райондордунда дагы эле салгылашуулар уланууда.

Сирия армиясы орус авиациясынын колдоосу менен шаарды экстремисттерден тазалоо операциясын сентябрь айында баштаган. Өкмөттүк күчтөргө Иран колдогон кошуундар жана ливандык "Хезболла" шииттер тобу да көмөк көрсөтүштү.

"Ислам мамлекети" радикал уюму шаардын көп бөлүгүн 2014-жылы басып алган. Дейр-эз-Зор Сириянын негизги мунай өндүргөн провинциясында, Евфрат дарыясынын боюнда жайгашкан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG