Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:32

"Азаттыктын" "Кылымдар унутулгус кыргын" китебинин бет ачары болду


"Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Жуматаева жана вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова. 3.11.2017

Бүгүн “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги жаңы иш кеңсе - телестудиясынын жана 1916-жылкы Улуттук боштондук күрөшүнө арналган “Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын” китебинин бет ачары болду.

Иш-чарага Жогорку Кеңеш депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, коомдук-саясий ишмерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана медиа коомчулук катышып, маалымат жеткирүүдө "Азаттык" радиосунун Кыргызстандын коомундагы орду чоң экенин белгилешти. Радионун бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырышты.

“Азаттык” үналгысынын жогорку сапаттагы телеберүүлөрдү даярдап, бир эле учурда ар кандай платформаларда түз эфирге чыгууга жана ар кайсы өлкөлөр ортосунда телекөпүрө уюштурууга мүмкүнчүлүк берген акыркы үлгүдөгү шаймандар жана заманбап технологиялар менен жабдылган студиясы быйыл ишке кирди.

Ошондой эле быйыл “Азаттык” үналгысы “Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын” китебин Үркүндүн 100 жылдыгына карата басып чыгарды. Бул публицистикалык жана илимий-жамааттык жыйнакка Үркүндүн тарыхына арналган ар кыл эскерүүлөр, макалалар, маектер киргизилди. Андан тышкары соңку архив таануу, булак таануу, фольклор таануу, тарыхнаама, этнография жана башка өңүттөрдө иликтөө жүргүзүлүп келген илимий-популярдуу макалалар да бар.

Алардын баары 2016-жыл бою “Азаттыктын” сайтына атайын эскерүү долбоору катары жарыяланып келген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG