Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:27

Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго кылмыш ишин козгоду


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Башкы прокуратура парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго жана башка адамдарга кылмыш ишин козгоду.

Аталган органдан билдиришкендей, Бабанов Кылмыш Кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү (Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу), 299-беренесинин биринчи бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) боюнча айыпталууда.

"Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин натыйжасында Бабанов президенттик кызматка талапкер катары шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө, 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир Темир (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары, негизинен өзбек тектүүлөр менен жолугушкан учурда алардын добушун алуу максатында өзбектердин укугу тебеленип жатканын, мамлекеттик органдар тараптан басымга кабылганын, улуттук теңсиздик бардыгын айтып, буга каршы жигердүү күрөшүүгө чакырганы аныкталды" деп белгиленген Башкы көзөмөл органы тараткан билдирүүдө.

Маалыматка караганда, комплекстүү филологиялык-саясий экспертиза Өмүрбек Бабановдун ачык билдирүүлөрү улут аралык кастыкты козутуу, элди провокацияга чакыруу, азыркы бийликке баш ийбөө жана кулатууга багытталганы аныкталган. Ошондой эле мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын бүтүмү депутаттын айткандары тууралуу интернетте жарыяланган маалыматтарда монтаж табылган эмес. Кылмыш иши УКМКга өткөрүлүп берилген.

Бабановдон башка дагы кайсы адамдарга иш козголгону азырынча белгисиз.

Бабанов жана "Республика" партиясы бул маалыматка комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG