Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

5-ноябрдын аба ырайы


Кыргызстан, Бишкек. Күз.
Кыргызстан, Бишкек. Күз.

Кыргызгидрометеорология агенттиги кабарлагандай, 4-7-ноябрда өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталат. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундуна 15-20 метрге жететт. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал багууну кыйындатат.

Ал эми 5-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолордо кар жаайт. Күндүз жаан-чачын жок. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлерин туман каптайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 5…10;

Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;

Баткенде түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3 градуска чейин жогору болот.

Бишкекте 5-ноябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 13…15 градуска чейин көтөрүлөт.

XS
SM
MD
LG