Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Сабиров: Бабанов өзүнө тагылган айыптар негизсиз экенин айткан


Парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров эл өкүлү Өмүрбек Бабановго кылмыш иш козголгону боюнча "Азаттык" радиосуна комментарий берди. Анын айтымында, тагылган айыптар боюнча Бабанов бир нече жолу жооп берип, алардын негизсиз экенин билдирген:

- Азыр эч нерсени айта албайбыз. Фракция бул маселе боюнча чогула элек. Эс алууга кеткенбиз. Прокуратура сүйлөнгөн сөз тууралуу экспертизага берилди деп өткөндө эле айткан. Ошол боюнча мыйзам чегинде каралса керек. Ал эми айыптын негизсиз экенин өзү деле түшүндүрүп айтып жатпады беле.

Башкы прокуратура бүгүн "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери, депутат жана 15-октябрдагы президенттик шайлоодо утулуп калган талапкер Өмүрбек Бабанов менен башка адамдарга да Кылмыш Кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү (Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу), 299-беренесинин биринчи бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) боюнча иш козголгонун жарыялаган.

Башкы көзөмөл органы Бабанов менен кошо дагы кимдерге иш козголгонун кабарлаган жок. Укук коргоо органдары Бабановдун кайсы жерде экени жана кармалдыбы, жокпу деген маалыматтарды да ачык айтышпады.

Азырынча Өмүрбек Бабанов жана анын жакындары эч кандай комментарий бере элек. Айрым маалыматтар боюнча Бабанов учурда өлкө сыртында жүрөт.

Өмүрбек Бабанов 28-сентябрда Ошто негизинен өзбек тектүүлөр жашаган Амир-Темур (мурдагы Он-Адыр) конушунда эл менен жолуккан кезде шайлоо маалындагы укук бузууларга каршы турууга чакырган.

XS
SM
MD
LG