Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:22

Мурдагы каталон лидери Бельгия полициясына багынып берди


Карлес Пучдемон
Карлес Пучдемон

Каталониянын кызматтан четтетилген мурдагы лидери Карлес Пучдемон жана анын өкмөтүнүн төрт мүчөсү Бельгиянын полициясына багынып беришти.

Брюссел прокуратурасынын басма сөз өкүлү жекшембиде кабарлагандай, жергиликтүү сот Испаниянын бул жетекчилерди камакка алуу ордери боюнча 6-ноябрдын таңына чейин чечим кабыл алышы керек.

1-октябрдагы референдумдан кийин каталон парламенти 27-октябрда аймактын Испаниядан көз карандысыздыгын жарыялаган. Андан көп өтпөй испан өкмөтү Каталониянын автономия макамын жоюп, аймакка түз башкаруу киргизген. Аны улай Пучдемон төрт кызматташы менен Бельгияга келген.

Испания аталган беш адамга борбордук бийликке баш ийген эмес деген негизде айып тагып, издөө жарыялаган.

XS
SM
MD
LG