Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:01

Сирия: Дейр-эз-Зордогу жардыруу ондогон адамдардын өмүрүн алды


Сириянын Дейр-эз-Зор аймагы

Сириянын чыгышындагы Дейр-эз-Зор шаарынын качкындар топтолгон аймагында 5-ноябрда автоунаа жарылып, андан кеминде 75 адам мерт болду. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы кабарлагандай, бул жардыруудан 140тан ашуун киши жаракат алды.

Курмандыктардын басымдуу бөлүгү "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен Сирия өкмөтү жана АКШ колдогон Сириянын демократиялык күчтөрүнүн ортосундагы кармаштан качып келген адамдар экенин Лондондо жайгашкан уюмдун башчысы Абдел Рахман билдирди.

Азырынча бул кол салууга эч бир тарап жоопкерчиликти ала элек. Бирок буга чейин мындай жардырууларды "Ислам мамлекети" тобу уюштуруп келген.

Бул аптада Сириянын өкмөтү Дейр-эз-Зор шаарын согушкерлерден бошотконун жарыялаган эле.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG