Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:37

«Кыргызкоммерцбанк» Кыргызстан-Орусия өнүктүрүү фондунун жаңы өнөктөшү болуп калды. Буга байланыштуу келишим 3-ноябрда түзүлүп, ага фонддун башчысы Эркин Асрандиев менен банктын жетекчиси Алмаз Айбалаев кол койду.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы ишкерликти өнүктүрүү максатында жеңилдетилген насыяларды 13 коммерциялык банк аркылуу берип келет.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишимине ылайык, ЕАЭБге кошулган Кыргызстандын ишкерлерин колдоого, экономикасын өнүктүрүүгө кызмат кылуу үчүн капиталы 1 миллиард доллар менен түптөлгөн. Фонд ушул күнгө чейин 700гө жакын долбоорду каржылады.

Аталган фонд тарабынан айыл чарба, жеңил өнөр жай, кайра иштетүү, кен иштетүү, туризм, медицина жана транспорт жаатындагы ишкерликти өнүктүрүүгө каржылык колдоо көрсөтүлөт.

Фонддун дарегине коомчулукта бир катар сын пикирлер айтылып келет. Мындай пикир ээлери фонд баштапкы максатынан алыстап, ишкерлерди эмес, банктарды каржылоочу ишканага айланганын, фонд насыя бере баштагандан бери жаңы завод же фабрика куруу үчүн акча бөлүнбөгөнүн, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан акча алуунун талаптары банктан акча алуудан да оор болуп жатканын белгилешет.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG