Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:21

Саудия Риядды бутага алган ракета боюнча Иранды айыптады


Саудия баштаган эл аралык коалициянын басма сөз өкүлү Турки ал-Малки, Рияд шаары, 5-ноябрь.

Сауд Арабия башында турган аскердик коалиция Йемендеги шиит козголоңчуларынын Риядды көздөй ракета атышы боюнча Иранды айыптады. Коалиция 6-ноябрдагы билдирүүсүндө бул окуя "согуштук акт катары каралышы" мүмкүндүгүн жана ага жооп кайтарууга укуктуу экенин белгиледи.

"Бул маселедеги Ирандын ролу жана анын хусит козголоңчуларына түздөн-түз буйрук бергени коңшу өлкөлөрдү бутага алган жана чөлкөмдөгү коопсуздук менен тынчтыкка шек келтирген анык агрессия болуп саналат",-деп айтылат билдирүүдө.

Саудия эки күн мурда баш калаа Риядды бутага алган баллистикалык ракетаны атып түшүргөнүн кабарлады. Бул окуядан кийин Сауд Арабия башында турган коалиция Йеменге бардык каттамдарды токтотту.

Йеменде араб дүйнөсү колдогон өкмөт менен исламдын шиит багытын карманган хусит козголоңчулары кармашып келет. Иран Саудиянын соңку билдирүүсүнө жооп кайтара элек. Бирок ага чейин Ирандын Коргоо министрлиги Риядды бутага алган баллистикалык ракетага эч байланышы жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG