Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:51

Москвада өрткө чалдыккандар арасында кыргызстандыктардын бар-жогу аныкталууда


Басмаканадагы өрттөн набыт болгон кыргызстандык кыз-келиндер

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен "Азаттыкка" маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 6-ноябрь күнү Москвадагы "Москва-Бутырская Товарная" станциясына жакын жерде болгон өрттөн алты киши набыт кеткен.

Москва аймактар аралык тергөө башкармалыгы өрт жана кишилердин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда өлгөндөрдүн тек-жайын аныктоо иштери жүрүп жатат. Элчилик бул кырсыкка кабылгандар арасында кыргызстандыктардын бар-жогун аныктоодо.

Алдын ала маалыматтар боюнча өлгөндөрдүн экөө москвалык, калгандары КМШ өлкөлөрүнүн жарандары.

2016-жылы 27-августта Москвада басмаканадан чыккан өрттөн он жети киши набыт болгон, он төртү кыргызстандык кыз-келиндер болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG