Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Президент Атамбаев 7-ноябрга карата кайрылуу жолдоду


7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыялоо тууралуу жарлыкты орус басылмалары сындап жазышкан.
7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыялоо тууралуу жарлыкты орус басылмалары сындап жазышкан.

Бүгүн, 7-ноябрда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу элге кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда “Кыргыз эли ата-бабаларыбыздын жана бүгүнкү бакубат турмушту негиздеген, элибиздин атын жана байыркы тилибизди кылымдар бою сактап келген, эгемендүү Кыргыз Республикасын түзүүгө жана бекемдөөгө жол ачкандардын жаркын элесин ыйык тутат” деп айтылат.

Президент Атамбаев өз кайрылуусунда Октябрь революциясына төмөнкүчө токтолгон: “7-ноябрда Улуу Октябрь Социалисттик революциясына 100 жыл толот. 1917-жылы Орусияда болгон окуялардын, Февраль, андан соң Октябрь революцияларынын мааниси, алардын дүйнөлүк тарыхка, анын ичинде Кыргызстандын тарыхына тийгизген таасири баа жеткис.”

7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыялоо тууралуу жарлыкты президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрда чыгарган. Анда майрам күндү өзгөртүүнүн максаты 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн жана саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүгө байланыштырылган.

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары Кыргызстанда Октябрь революциясын майрамдоо күнүнүн ордуна Орус империясына каршы көтөрүлүштүн жана Совет маалындагы репрессия курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө чечимине нааразылык билдиришкен.

Орус парламентинин вице-спикери Игорь Лебедев Кыргызстанда орус империясына каршы көтөрүлүштү майрамдоону "бетке чапкандай кадам" деп баалаган. Ага жооп иретинде Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын айдоочулук күбөлүгүн таануу тууралуу мыйзамын жокко чыгаруу долбоорун иштеп чыгып, Мамдумага сунуштап жатканын билдирген.(UEz)

XS
SM
MD
LG