Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:22

Бишкекте Кыргызстан-Орусия элдер достугу сквери ачылды


Бүгүн, 7-ноябрда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Бишкектеги Кыргызстан жана Орусия элдер достугу монументинин жанындагы гүлбактын ачылыш салтанатына катышты. Бул иш-чара бүгүн белгиленип жаткан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата орун алды. Мындан мурдараак өлкө башчысы өз фондунан аталган монументтин тегерек-четин көрктөндүрүү үчүн 3 миллиондон ашык сом бөлгөн.

Президенттин жарлыгына ылайык, 7-ноябрь быйылтан тарта Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип жатат. Буга байланыштуу Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков, парламент төрагасы, премьер-министр жана Жогорку Соттун төрайымы менен “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жана Апрель ыңкылабынын баатырлары эстелигине барып куран окуду. Мындан тышкары өлкө жетекчилери Ата Мекендик согушта, Үркүндө, саясий репрессияда курман болгондордун жана Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюшту. (UEz)

XS
SM
MD
LG