Линктер

дүйшөмбү, 19-февраль, 2018 Бишкек убактысы 10:15

Санкт-Петербургда митингге чыккан алты активист камалды


6-ноябрда жалпысынан 23 активист кармалган.

Санкт-Петербургдагы уруксатсыз митингге чыккан 23 оппозициячыл активисттин 17си ар кандай өлчөмдөгү айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Ал эми алты активист 6 күндөн 33 күнгө чейинки мөөнөткө камакка алынды. Алардын баары Эдуард Лимонов башында турган "Башка Орусия" кыймылынын активисттери экени маалым болду. Алар 6-ноябрда 1917-жылкы революциянын 100 жылдыгына арналган митингди Невский проспектисинде өткөрүүгө аракет кылышканда полиция тарабынан кармалышкан.

5-ноябрда болсо Орусиянын бир нече шаарында "революция уюштурууга даярдык көрүп жатышкан" деген шек менен 500дөй киши кармалган. Алардын арасында көчөдөгү жөн-жай адамдар, өспүрүмдөр, журналисттер да болгон.

XS
SM
MD
LG