Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

"Бир дүйнө Кыргызстан" миграция маселесин талкуулайт


8-ноябрда «Бир Дуйнө Кыргызстан» укук коргоо уюму жана "Борбор Азия кыймылда" деп аталган жарандык платформанын мүчөлөрү тарабынан "Эмгек мигранттарынын укугун коргоо жана адам сатууну алдын алуу" деп аталган темада талкуу уюштурулат. Иш-чара Бишкекте "Бир дүйнө Кыргызстан" даректүү тасмалардын фестивалынын алкагында өтөт. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, талкууда миграциянын аялдарга жана балдарга тийгизген таасири, мигранттардын Кыргызстан ЕАЭБге кошулгандан кийинки жана өлкөдөгү акыркы саясий жараяндардан соңку акыбалы тууралуу сөз болот.

Иш-чарага мигранттар, укук коргоочулар, миграция жаатындагы эксперттер, мамлекеттик органдардын жана дипломаттык миссиялардын өкүлдөрү чакырылган.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Орусияда 500 миң, Казакстанда 50 миң чамалуу кыргызстандык жаран эмгек миграциясында жүрүшөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG