Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:35

Аким: Саруу айылында абал тынч


Саруу айылы, 2013-жыл
Саруу айылы, 2013-жыл

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында абал тынч. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна райондук администрациянын башчысы Калысбек Жудеев билдирди.

Саруу айылынын тургуну, жергиликтүү активист Замир Мендибаев бүгүн район башчыны иштен алыш керек деген талап менен чыкты. Айылда кайрадан туруксуздук орун алууда деген жалган маалымат тарап жатышына каршы Жудеев чара көргөн жок дейт ал:

- Абал кооптуу деп бирөөлөр козутуп, Бишкектен чалып, “Саруулуктар чыгат экен, келген жатыптыр” деген маалымат таратууда. Бул эмне деген маалымат, ким берген? Айылда тынч эле абал болуп турат.

Калысбек Жудеев активисттин демилгеси тууралуу кабары жок экенин айтып, “Сарууда абал тынч, жакында эле айыл өкмөтүн шайлап алышты” деп “Азаттык” радиосуна билдирди.

Мендибаев “9-ноябрга пландалган митингге байланыштуу” райондук милицияга чакырылганын кошумчалады.

Өткөн аптада Талас шаарында бийликке каршы нааразылык акциясы өтүп, аны 9 же 13-ноябрда “республика боюнча улантуу” демилгеси айтылган.

Саруу айылынын тургундары Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен 2013-жылдын май айынан тарта митингдерди уюштуруп башташкан. Каракол шаарында болгон митинг ошол кездеги облус башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу менен коштолгон. Окуянын уюштуруучулары кармалган соң 2014-жылдын февралында алардын жердештери камактагыларды бошотуу талабы менен Балыкчы-Каракол жолун буушкан.

Ошол жылы мартта облустук милиция кылмыш ишин козгогон.

Быйыл март айында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Саруудагы жол тосуу, Тамгадагы электр чордонун ээлеп, өчүрүп салуу окуясы боюнча сот өкүмү чыккан. Окуянын уюштуруучусу катары Айбек Сарыбаевди сегиз жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка камоо өкүмү чыккан. Калган жети адам шарттуу түрдө бир жылдан үч жылга чейин кесилген. (AsM)

XS
SM
MD
LG