Линктер

жума, 19-январь, 2018 Бишкек убактысы 03:47

АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешин Иранга каршы чара көрүүгө чакырды


Саудияга баллистикалдык ракета атылды делген учурду хуситтерге жан тарткан “ал-Мусира” телеканалы көргөзгөн. 4-ноябрь, 2017-жыл.

Кошмо Штаттардын Улуттар уюмундагы элчиси Никки Хейлинин билдиргенине караганда, Коопсуздук кеңеши Иранды ал Йемендеги козголоңчуларды ракета менен камсыздап жатканы үчүн жоопкерчиликке чакырышы керек. Хейлинин айтымында, Сауд Аравия Йеменден аларды карай быйыл июль айында атылган ракета Иранда жасалганы боюнча маалыматтарды берген. Анткени Йемендин өзүндө жаңжал башталганга чейин “андай типтеги” курал болгон эмес.

АКШ элчиси ошондой эле Сауд Аравияны карай 4-ноябрда атылган ракета да “ирандык болушу мүмкүндүгүн”, Йемендеги хусит согушкерлерин ракета менен камсыздап, Тегеран БУУнун Коопсуздук кеңешинин эки санкциясын бузуп жатканын белгиледи.

4-ноябрда Йеменден Эр-Рияддагы эл аралык аэропортту карай багытталган баллистикалык ракетаны сауд бийликтери бутага жеткирбей атып түшүрө алганын билдиришкен.

Буга чейин Сауд Аравия баштаган коалиция, өлкөнүн ханзаадасы Мохаммед бин Салман Тегеранды хусит козголоңчуларына ракета берип жатканы үчүн айыпташып, муну “Иран режиминин тикелей аскерий агрессиясы” катары баалаган эле.

Иран өз тарабынан айыптоону четке кагып, ракета атылышын хусит козголоңчуларынын өз алдынча аракети жана Саудия баштаган коалициянын Йемендеги “аскерий кылмыштарына” жооп чарасы деп мүнөздөгөн.

Иран колдогон хусит козголоңчулары Йемендин борбору Сананы 2014-жылдан бери ээлеп турушат жана учурда өлкөнүн басымдуу бөлүгүн да көзөмөлдөшөт.

Сауд Аравия баштаган сегиз өлкө болсо 2015-жылдан бери аларга каршы аба соккуларын жасап, Йемендин эл аралык коомчулук тааныган өкмөтүн колдоп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG