Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

АКШ Роллс-Ройстун кызматкерлерине пара бергени үчүн айып такты


Роллс-Ройстун кызматкерлерин АКШнын Башкы прокуратурасы айыптоодо.
Роллс-Ройстун кызматкерлерин АКШнын Башкы прокуратурасы айыптоодо.

АКШ Казакстан, Азербайжан жана башка өлкөлөрдө контракттарды жеңип алууга жардам берген пара схемасына тиешеси бар деп британ компаниясы - Роллс-Ройстун кеминде беш адамын айыптоодо.

Буга чейин Роллс-Ройс өзү да Казакстан, Азербайжан, Таиланд, Бразилия, Анголада контракттарды жеңип алуу үчүн мамлекет карамагындагы компаниялардын адамдарына 35 милллион доллардан ашуун пара төлөгөнүн моюнга алган.

Бизнес контракттарды алыш үчүн чет өлкөлүк расмийлерге пара берүүнү азыр 40тан ашуун өлкө кылмыш катары санайт.

Бирок мындай кылмышка баргандар көбүнесе АКШ менен Батыш Европада гана жазаланып жүрүшөт.

Америкалык прокурорлордун билдиргенине караганда, айып тагылган беш адам чет өлкөлүк расмийлерге параны Ролл-Ройс компаниясынын АКШдагы бөлүмүнүн бизнесин алдыга жылдыруу үчүн төлөшкөн. (UE)

XS
SM
MD
LG