Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Улан Саляновдун сөөгү Ысык-Атага коюлду

Улан Саляновдун үйү. Сүрөт 6-ноябрда тартылган.
Улан Саляновдун үйү. Сүрөт 6-ноябрда тартылган.

Мурдагы башкы прокурор, парламенттеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун сөөгү 8-ноябрда Ысык-Ата районунун Интернационал айылына коюлду. Бул тууралуу депутаттын санаалаштары билдиришти. Маркум менен коштошуу зыйнаты аталган айылда жашаган атасынын үйүндө өттү.

Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновду 6-ноябрда​ белгисиз адамдар Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнөн   куралчап кирип, атып кетишкен. 

"Ата Мекен" партиясы бул окуяны Салянованын оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштырып, саясий негизи бар деп билдирген.

Милиция оппозициячыл саясатчынын бир тууганынын өлүмүн иликтөөдө саясий себеп каралбаганын кабарлаган. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин "киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.

XS
SM
MD
LG