Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Миграция кызматына маянасын ала албаган 2000 мигрант кайрылган


Орусиядагы мигранттар.
Орусиядагы мигранттар.

Кыргызстандын Миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнө быйыл жыл башынан бери эмгек акысын ала албаган 2000 мигрант кайрылган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жалпысынан кыргызстандык мигранттарга төлөнүп берилбеген айлыктын көлөмү 91 миллион рублдан ашкан. Анын 34 миллиону өндүрүлгөн.

Мекеме кызматкерлери Орусиянын миграциялык мыйзамдары боюнча 6321 жаранга кеп-кеңеш берип, Орусиянын прокуратурасына, Тергөө комитетине, Ички иштер министрлигине жана Москва шаарынын Эмгек инспекциясына 353 кат жолдогон.

Өкмөттүн маалыматына таянсак, учурда сыртта иштеп-жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны 750 миӊден ашат. Анын 616 миӊи Орусияда, 30 миңи Казакстан, 14 миңи Кореяда, дагы отуз миңдейи Түркияда. Ал эми расмий эмес булактарда чет мамлекеттердеги кыргызстандыктардын саны мындан бир топ көп экени, Орусиядагы мигранттар эле миллиондон ашары айтылып жүрөт.​ (NT)

XS
SM
MD
LG