Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

ТИМ: Самудинов менен Молдокадырованын арызын АКШ соту карайт


Ренат Самудинов жана Элнура Молдокадырова. Сүрөт Самудиновдун Фейсбук баракчасынан алынды
Ренат Самудинов жана Элнура Молдокадырова. Сүрөт Самудиновдун Фейсбук баракчасынан алынды

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык активист Ренат Самудинов жана жубайы Элнура Молдокадырованын АКШнын чек арасында кармалганы туурасында маалыматты тактады. Учурда кыргызстандыктар АКШнын атайын кармоочу жайында кармалууда.

Маалым болгондой, 19-октябрда Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине Кошмо Штаттардын чек ара кызматынан маалымат келип, Самудинов жана Молдокадырова уруксат берүүчү документтери жок чек арадан өтүү аракетин көрүп жатканда кармалганы жазылган. Ошол эле учурда кыргызстандыктар саясий башпаанек берүүнү АКШ бийлигинен суранышкан. Учурда бул өтүнүч АКШнын миграциялык соту тарабынан каралуу алдында турат.

Ошондой эле Ренат Самудинов жана Элнура Молдокадырова Кыргызстандын АКШдагы элчилигине жардам берүү же башка маселе боюнча кайрылган эмес.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырова Мексиканын чек арасы аркылуу АКШга кирип жатканда кармалганын жазышкан.

Ренат Самудинов КСДПнын жаштар канатынын лидери болуп келген. Анын көз карашы партия менен төп келбей калгандыктан ушул жылдын август айында партиядан чыгарылган. Көп өтпөй анын колуктусу Элнура Молдокадырова КТРКда иштеген жеринен кеткенин маалымдаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG