Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:27

Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды


Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги. Бишкек. 9-ноябрь, 2017-жыл.

Таланттуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине орнотулду. Анын ачылышына премьер-министр Сапар Исаков, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов баштаган жетекчилер катышып, Сүймөнкул Чокморовдун кыргыз киносуна кошкон салымы чоң болгонун, маданияттагы ордун белгилешти.

Быйыл Бишкекте Чокморовдун музей-өнөрканасы ачылган.

Сүймөнкул Чокморов 1992-жылы 53 жашында каза тапкан. Ал советтик киноискусствону көптөгөн чет мамлекеттерде тааныткан. 400дөй пейзаж, натюрморт, портрет тарткан.

Чокморовдун кээ бир эмгектери Улуттук көркөм өнөр музейинде сакталып турат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG