Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:45

Душанбеде тажик-иран сүйлөшүүлөрү өттү


Эмомали Рахмон жана Мухаммад Жавад Зариф жолуккан учур. Душанбе, 8-ноябрь, 2017-жыл.

Иран тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Душанбеге 8-ноябрда келип, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жолукту.

Расмий маалымат боюнча эки саатка созулган жабык жыйында соода, инвестиция, энергетика, транспорт жана башка жаатта кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө сөз жүрдү.

Тажик президентинин сайтындагы маалыматка караганда,
соода-экономикалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык жыйын өткөрүү да сүйлөшүлгөн. Тажик Энергетика министрлиги ал үчүн ирандык делегация 12-ноябрда Душанбеге келерин билдирүүдө.

Иран министри Тажикстанга эки өлкө ортосундагы мамиле сууп кеткен
акыркы эки жылдан бери биринчи ирет келди. Эки тараптуу карым-катышты "Тажикстан ислам кайра жаралуу" партиясынын лидери Мухиддин Кабири 2015-жылы Тегерандагы конференцияга чакырылуусу басаңдаткан. Бул саясий партияга Тажикстанда тыюу салынган.

Быйыл жайында Тажикстанда даректүү тасма көрсөтүлүп, анда жарандык согуш учурундагы чуулгандуу адам өлтүрүүлөргө Ирандын катыштыгы бар экени айтылган эле.

Тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин азыркы сапарына тушташ Душанбеде Ирандын элчилигинин жаңы имараты да ачылды. (MTO/UE)

XS
SM
MD
LG