Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Улан Карагулов өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалды


Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Улан Карагулов дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Исаковдун дагы бир буйругу менен Бактыбек Кудайбергенов Чүй облусун жетектөө милдетинен бошотулду. Ал буга чейин өз ыктыяры менен жумуштан кетүү боюнча арыз жазганы айтылган.

Жаңы жетекчи Улан Карагулов бул кызматка дайындалганга чейин Чүй облусунун Кемин районунун акими болуп иштеп келген. (NT)

XS
SM
MD
LG