Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:17

Жалал-Абад шаарынын борборунда коомдук тартипти бузуп, патрулдук милицияга кол көтөргөн деген айып менен үйлөнүү үлпөттүн 18 катышуучусу камакка алынды.

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан “Азаттык” радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, кармалгандардын бешөө Кылмыш-жазык кодексинин 234 (бейбаштык), 341 (бийлик өкүлүнө кол көтөрүү) беренелери менен айыпталып, иш козголду. Ал эми он үч адам Административдик кодекстин 364-беренесине ылайык беш суткага камалды.

Кармалгандардын баары Ноокен районунун 25-29 жаштагы тургундары. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 8-ноябрь кечки саат 17:00дөр чамасында патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери калаадагы парктын алдында үйлөнүү тойго келген жарандарды тартипке чакырган. Милициянын маалыматында 15 чакты бала бул талапка көнбөй, каршылык көрсөтүп, тартип коргоо кызматкерлеринин “Ниссан” үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасын тепкилешип, материалдык зыян келтиришкен. Бейбаштык кылгандарды тартипке салуу максатында кошумча күч тартылып, баары Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө алып келинген. Окуя боюнча тергөө уланууда. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG