Француз президенти Эммануэл Макрон өткөн апта соңунда йемендик козголоңчулар Саудиянын баш калаасы Эр-Риядга аткан ракета боюнча Иранды күнөөлөдү. Ал мындай пикирин Сауд Арабияга жана Бириккен Араб Эмиратына баргандан кийин 9-ноябрдын кечинде айтты.
"Сауд Арабияны көздөй Йеменден атылган ракета ирандыкы экени бышык. Бул алардын программасынын кудуретин көрсөтүп турат", - деди Макрон.
Ал араб дүйнөсү Эр-Риядды бутага алган ракета боюнча тынчсызданып турганын, Ирандын баллистикалык ракета программасы тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо зарылдыгын кошумчалады.
Саудия 4-ноябрда Йемендеги Иранга ыктаган хусит козголоңчулары Рияддагы эл аралык аэропортту көздөй ракета атканын, ал ракетаны жарым жолдо атып түшүргөнүн кабарлаган. Араб коалициясы муну Ирандын "ачык агрессиясы" деп атап, Тегеранды "хусит козголоңчуларын ракета менен камсыздады" деп айыптаган.
Иран президенти Хасан Роухани бул окуяга Тегерандын тиешеси жоктугун белгилеп, йемендиктер Эр-Риядга ракета атуу менен Саудиянын өлкөдөгү тынымсыз бомбалоолоруна жооп кылганын айткан.
Йеменде Саудия колдогон өкмөттүк күчтөр менен Иранга ыктаган хусит козголоңчулары бир нече жылдан бери кармашып келет.
Макрон Эр-Риядга атылган ракетага байланыштуу Иранды айыптады
![Макрон Дубайдагы маалымат жыйынында, 9-ноябрь.](https://gdb.rferl.org/d92a1c39-a77d-41cb-b7cb-8583d52d80ae_w250_r1_s.jpg)