Президент Дональд Трамп АКШ соода мыйзамдарын тынымсыз бузуу көрүнүштөрүнө мындан ары чыдай албай турганын билдирди. Ал мындай пикирин 10-ноябрда Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун (АПЕК) Вьетнамдагы саммитинде айтып, Кошмо Штаттар акыйкат соода саясатын талап кыларын белгиледи.
- Биз мындан ары АКШны колдонуп кетүүгө уруксат бербейбиз. Мен ар дайым Американы биринчи орунга коём. Бул бөлмөдө отурган ар бириңиздер да өз өлкөңүздөрдү биринчи планга чыгарганыңар сыяктуу,-деди Трамп.
АКШнын Кытай жана Жапония менен соодасында чоң айырма бар. Президент Трамп 9-ноябрда Бээжиндеги визити маалында дүйнөдөгү эки чоң экономиканын ортосундагы соодада Кытай артыкчылыкка ээ экенин айтып, бирок бул үчүн Кытайды эмес, Вашингтон администрациясынын мурдагы жетекчилерин айыптаган.