Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:02

Чүй облусунун Москва райондук соту үч милиция кызматкерин адамдарды кыйнап, күнөөсүн моюнуна алдырганы үчүн күнөөлүү деп тапты. Алар кызмат абалынан кыянаттык кылганы үчүн 20 миң сомдон айып төлөп, бир жылга тартип коргоо органдарында иштебейт.

Соттун мындай чечимине Москва райондук прокуратурасы макул болбой облустук сотко доо арыз менен кайрылды. Прокуратура айыпталуучуларга Кылмыш кодексинин 305-1-(кыйноо) беренеси боюнча козголгон иш, 305-(кызмат абалынан кыянаттык кылуу) беренеге өзгөрүп калганына макул болгон жок.

2015-жылы Москва районунун ИИБнын үч кызматкери үч адамдын күнөөсүн моюнуна алдыруу үчүн кыйноого барышкан. Тергөөдө ал адамдар 33 саат камалып турганы аныкталган. Ал эми иштин жүрүшүндө айыпталуучулар көрсөтмөнү өзгөртүүнү талап кылып жабырлануучуларга басым жасаган. Ушундан улам үч милицияга баш коргоо чарасы үй камагынан камакка алууга өзгөргөн.

Учурда бул иш боюнча прокуратуранын доо арызы Чүй облустук сотуна жөнөтүлдү. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG