9-ноябрда Бишкекте дайынсыз жоголуп, эки күндөн кийин Оштон табылган эки окуучу кызды ата-энелери үйлөрүнө алып кетти. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысына Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматынын өкүлү Райкан Абдразакова билдирди.
- Биздин криминалдык милиция кыздар Ош шаарындагы “Ош нуру” мейманканасында экени тууралуу маалымат алган. Кыздардын ден-соолугу жайында экен, милиция кызматкерлеринин суроолоруна жооп берген соң ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
Абдразакова паспорту жок кыздардын кандайча Оштогу мейманканада орун алып калганын да милиция иликтей турганын кошумчалады.
Алдына ала маалыматтар боюнча окуучу кыздар ата-энелери аларды көп уруша турганын айтышкан. Муну кыздардын биринин туугандары да мойнуна алган.
Бишкектеги №28 мектепте окуган 13 жаштагы Сезим Тургуналиева менен 12 жаштагы Азиза Мухамед кызы 9-ноябрда үйдөн чыккан боюнча дайынсыз кеткен. Алардын телефондору өчүрүлүп, мугалимдери кыздар ал күнү мектепке келбегенин билдиришкен. Окуучулар 11-ноябрда Оштон табылган. (SDz)