Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:34

"Сосновка" постунда “ашык жүргүнчү” рейди өттү


Иллюстрация.

Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын кызматкерлери "Сосновка" постунда Ош, Талас, Баткен жана Жалал-Абад облустарына бара жаткан оор жүк ташуучу жана эл ташуучу автоунааларды текшерди. Рейддин максаты ашыкча жүргүнчү салган айдоочуларды аныктоого болгон.

Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Медер Шабданов "Фейсбук" баракчасына жарыялаган маалыматка ылайык, мыйзамды бузган айдоочуларга административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле коомдук транспорттордун айдоочулары артка кайтарылды.

15-октябрдан тарта Кыргызстанда ашыкча жүргүнчү салууга тыюу салынган. Мындан ары дагы ушул өңдүү рейддер өткөрүлүп турмакчы.(SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG