Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:40

Кыргызстанда тогуз күндө 200дөн ашык жол кырсыгы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-9-ноябрь аралыгында орун алган 208 жол кырсыгынан 42 жарандын өмүрү кыйылды. 321 киши ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу өкмөттүн өткөн аптадагы жол коопсуздугуна арналган жыйынында айтылды.

Маалыматка караганда, быйыл жыл башынан бери катталган жол кырсыктардын саны 5 миңден ашып, 695 киши анын курмандыгы болду. Жаракат алгандардын саны 7800дөн көп.

Өткөн жумада премьер-министр Сапар Исаков Патрулдук милиция башкармалыгын жоюп, аны Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык деп кайра түзүү тууралуу токтомго кол койгон.

Ички иштер министри Улан Исраиловго кыска мөөнөттө сынак негизинде таза милиция кызматкерлерин ишке кабыл алуу милдети жүктөлгөнү айтылган. Өкмөт аппаратына жол эрежелерин бузгандарга жазаны күчөтүү боюнча тиешелүү майзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, Транспорт жана жолдор министрлигине жол чырактарды, белгилерди, чийиндерди орнотуу ишин жыйынтыктоо тапшырмасы берилген.

Өкмөткө караштуу Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия түзүлүп, анын төрагалыгына вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бекитилди. (NT)

XS
SM
MD
LG