Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:25

Инаугурацияга бөлүнгөн акчадан аз каражат коротуу пландалууда


Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине бюджетте каралган 13,1 миллион сомдон аз каражат коротулат. Бирок даярдык иштери жүрүп жаткандыктан канча сом сарпталаары азырынча так чечиле элек. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

13-ноябрда финансы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде сүйлөп жатып бюджеттен инаугурация үчүн 13 млн сом каралганын билдирген. Бул маалымат Интернеттеги социалдык түйүндөрдө талкууга түшүп, нааразы пикирлер көбөйгөн.

- Акча инаугурация өтө турган жайды даярдоого, транспорт чыгымдарына, колдонулчу техникалык жабдуулардын ижарасына жумшалат. Расмий өкүлдөрдү кабыл алууга, концерттик программага коротулат. Типографиялык жана башка расмий чыгымдар болот,- деди Стамалиева.

Жээнбековдун ант берүү аземи 24-ноябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Инаугурацияга чет өлкөлөрдөн жогорку кызматтагы расмий коноктор чакырылбай турганы кабарланган.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, азырынча ант берүү аземинин сценарийи түзүлүп бүтө элек.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, мурунку премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 50 пайыздан ашуун добуш менен жеңип чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG