Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21

Курулуш учурундагы өлүм боюнча кылмыш иши козголду 


Бетон кулаган үй.
Бетон кулаган үй.

Чүйдүн Сокулук районунда курулуш плитасы басып калып каза болгон аялдын окуясы боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмыш кодексинин 142-беренеси (Эмгекти коргоо эрежелерин бузуу) жана 236-беренеси (Сапатсыз курулуш) боюнча автокран айдоочусу кармалды. Азыр ал Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында.

10-ноябрда райондун Новопавловка айылында чатырда курулуш жүрүп жатканда автокрандан бетон плита кулап түшкөн. Андан кошуна үйдөгү 26 жаштагы келин оор жараат алып каза болгон. Дагы беш адам жабыркап, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. (SE)

XS
SM
MD
LG