Ирак менен Ирандын чек арасында 12-ноябрда болгон жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны өсүп жатат. Иран маалымат каражаттарынын жазышынча, бул өлкөдө 450дөн ашык киши мерт болуп, жаракат алгандардын саны 7000ден ашкан. Зилзаладан эң көп Керманшах провинциясынын Сарпол-э-Захаб шаары кыйраган. Аймактын бийликтери жер титирөөдөн кыйраган имараттардын алдында дагы өлгөндөр болушу мүмкүн экенин билдирүүдө. Тегеран университетинин Сейсмология борборунун билдиришинче, зилзала 12-ноябрда 21:48де болгон. Күчү 7,3 баллга жеткен зилзаланын очогу Ирактын Халабжа шаарынан түштүк-батышты көздөй 32 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер титирөө Түркиядан Кувейтке чейинки аймактарда сезилген.