Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Беш өмүрдү кыйган кырсык боюнча иш сотко өттү, айыпталуучулар абакта


Чолпон-Ата шаары. Маркум келиндин туугандары.
Чолпон-Ата шаары. Маркум келиндин туугандары.

Чолпон-Атада беш кишинин өмүрүн кыйган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши Ысык-Көл райондук сотуна өттү. Айыпталуучулар – “Мерседестин” ээси жана айдоочусу Каракол шаарынын тергөө абагында. Алардын баш коргоо чарасынын мөөнөтү 1-декабрга чейин белгиленген.

"Тез жардам" унаасында баратып жол кырсыгынан каза болгон кош бойлуу келиндин жакындары бүгүн нааразылык акциясына чыгышты. Алар Ысык-Көл райондук сотунун алдына чогулуп, адилеттүү чечим чыгарууну талап кылышты.

Маркумдун туугандары күнөөлөнүп жаткан адам жеңил жаза алып калышы ыктымал деп жатышат.

1-октябрь күнү Чолпон-Ата шаарынын кире беришинде "Мерседес" үлгүсүндөгү жеңил автоунаа катуу ылдамдыкта келе жатып "Тез жардам" машинесин сүзгөн. "Тез жардам" жолдон чыгып оодарылып кеткен. Ичинде ооруканага бараткан ай-күнү жетип калган кош бойлуу келин, анын бир тууганы, фельдшер жана айдоочу каза болушкан.

Бул боюнча "Мерседести" айдап келе жаткан 23 жаштагы кызга карата Кылмыш кодексинин 281-беренеси (жол коопсуздугун сактабагандык, жол эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Алгачкы экспертизада айдоочу кыз алкоголдук ичимдик ичкени аныкталган.(AsM)

XS
SM
MD
LG