Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Бишкекте жол кырсыктарынын курмандыктары эскерилет


Бишкек-Ош жолу.
Бишкек-Ош жолу.

Кыргызстандагы “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин демилгеси менен өтө турган иш-чара кайгылуу көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталган.

Аны уюштурууга ЕККУ, Бишкек шаардык милициясы, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрлиги көмөктөшкөн. Эскерүүдө жол кырсыктарынан каза тапкан 938 кишинин сөлөкөтү менен арт-инсталляция көрсөтүлөт. Муну менен жолдордогу кырсыктардын масштабын элге жеткирүү аракети көрүлмөкчү.

Жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнү дүйнөдө 2005-жылдан бери, Кыргызстанда 2012-жылдан тартып 19-ноябрда белгиленип келет. Расмий эсеп боюнча, быйыл Кыргызстанда катталган жол кырсыктарынын саны 5 миңден ашып, 600дөн ашуун киши набыт болду. Жаракат алгандардын саны 7800дөн көп.

XS
SM
MD
LG