Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:29

Бишкек шаарында бүгүн жол кырсыктарын алдын алууга үндөгөн акция өтүп жатат. Ал “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин демилгеси менен уюштурулду.

Акциянын жүрүшүндө жол кырсыктарынан каза тапкандардын сөлөкөтү менен арт-инсталляция көрсөтүлүүдө. Уюштуруучулар бул жолдогу кырсыктардын масштабын элге жеткирүү аракети экенин билдиришти.

Акцияны өткөрүүгө Бишкек шаардык милициясы, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрликтери көмөктөшкөн.

Жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнү дүйнөдө 2005-жылдан бери, Кыргызстанда 2012-жылдан тартып 19-ноябрда белгиленип келет.

Расмий эсеп боюнча быйыл Кыргызстанда катталган жол кырсыктарынын саны 5 миңден ашып, 600дөн көп адам каза тапты. Жаракат алгандардын саны сегиз миңге чамалайт.

2016-жылы 6 миңге чукул жол кырсыгынан 900дөн ашуун киши жашоо менен кош айтышкан. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG