Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:07

Атамбаев: Өлкөнүн өнүгүүсүнө бут тосо турган парламенттин кереги жок болот


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш депутаттарын өлкөнүн кызыкчылыгын ойлоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте Кыргызстандын 2018-2040-жылдарга өнүктүрүү стратегиясын талкуулаган жыйында сүйлөп жатып айтты.

Президент «...эгер парламент мындан ары да өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кыла турган болсо, андай парламенттин бизге кереги жок» деп билдирди.

Атамбаев быйыл 1-декабрдан баштап Кыргызстанда тараза ташы парламент жана өкмөт жакка оой турганын белгилеп:

- 2040-жылга чейин биз толук бойдон накта парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп тургандай, 53 өнүккөн өлкөнүн 51 парламенттик. Парламенттин тассири күчөп жатканына байланыштуу биз шайлоо мыйзамдарын дагы бир карап чыгышыбыз керек. Мен буга чейин мисал келтиргендей, ошол эле “Республика Ата-Журт” шайлоого бир тизме менен чыккан, анда жаштар, интеллигенция, бардык улуттар бар болчу, бирок натыйжада парламенттик фракцияга жалаң байлар келип отуруп калышты. Бир да орус, бир да өзбек, бир да интеллигенция өкүлү жок. Парламенттик шайлоого да алыс эмес, 2020-жыл. Азыртадан эксперттер менен талдап чыгып, мындай оюндар шайлоодо болбогудай кылыш керек. Чечим чыгаруу борбору бара-бара парламент жакка ооп жаткандыктан ал жерге чынчыл, жеке капчыгын эмес, өлкөнү ойлогондор келиши зарыл. Ошол эле учурда бизнес өз капчыгы үчүн кооптонбогудай кылыш керек, - деди.

Жогорку Кеңештин азыркы алтынчы чакырылышы 2015-жылы шайланып келген. Ал алты фракциядан турат. Башкаруучу коалициядагы КСДП фракциясындагы депутаттар Атамбаев негиздеген КСДП партиясы аркылуу шайланып келген. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG