Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Сузактагы тоолуу айылдардын жолуна ишкерлер асфальт төшөштү


Ишкерлер курган жол.
Ишкерлер курган жол.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы тоолуу айылдарга кеткен 5 чакырым жолго жеке ишкерлер асфальт төшөштү. Барпы, Комсомол, Боз-Чычкан айылдарындагы 5 көчө асфальтталып, ачылышы 15-ноябрда болду.

Жолду Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев жана анын туугандары курушту. Алар былтыр да 17 чакырым жолду оңдошконун жергиликтүү тургундар айтышты.

Барпы айыл өкмөтүнүн маалыматына ылайык, аймактагы 15 көчө толугу менен асфальтталып, дагы 10 көчөнү кийинки жылдары оңдоо пландалууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG